Батукаевдин диагнозу гематологдор ортосунда талаш жаратты

Гематология борборунун директору Абдухалим Раимжанов бир да дарыгер Батукаевдин диагнозун жасалмалоого кызыктар болгон эмес деди.
  03.05.13   10:22
 326

Гематология борборунун дарыгерлери өз милдеттерин аткарды жана бир да кызматкер криминалдык авторитет Азиз Батукаевге "оор лейкоз" диагнозун чыгарып берүүгө кызыктар болгон эмес. Бул тууралуу Гематология борборунун директору, академик Абдухалим Раимжанов "ВБ"га билдирди.

Аталган борбордун дарыгерлери чыгарган диагнозду иликтөөгө алган медициналык комиссия өз жыйынтыгын чыгара элек болсо да, аларды диагноз туура эмес коюлган деп айыптап атышат.

"Борбордун 12 кызматкери да диагноздун шек туудура тургандыгы боюнча айтышы албетте өкүнүчтүү",- дейт Раимжанов.

Клиниканын көпчүлүк кызматкерлери 12 кызматкердин диагноздун жыйынтыгы боюнча күмөн санап атышын борборду каралоого болгон аракет деп баалашат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223523

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.