ЖМКны Кумтөр кениндеги кен катмарынын жылышын чагылдырууга чакырышты

  03.05.13   10:52
 291

Кечээ, 2-майда, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев кызыкдар болгон министрликтер менен ведомство жетекчилери, ошондой эле "Кумтор оперейтинг компани" компаниясынын президенти Майкл Фишер менен Кумтөр кениндеги катмарлардын жылышына байланыштуу жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жумушчу жыйында кендин катмарларынын жылышы алдына ала эскертилгени, бирок апрелде бул процесс тездегени айтылды.

Компаниянын президенти Майкл Фишер кендин инфраструктурасын, электр берүү линияларын жана трансформатор подстанцияларын көчүрүү тууралуу жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берди.

Бул маселени иликтөө боюнча жумушчу топту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Осмонбек Артыкбаев жетектемекчи. Жумушчу топко 3-майда Кумтөр кенине жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге баруу тапшырмасы берилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223527

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.