Депутат Иманкожоева Кумтөр кениндеги муздун жылышынын себептерин айтты

  03.05.13   11:04
 284

Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү менен биргеликте Кумтөр кенине Давыдов мөңгүсүндөгү жагдай менен таанышып чыгуу үчүн барды. Бул тууралуу парламенттин басмасөз кызматы кабарлайт.

Иманкожоева белгилегендей, Давыдов мөңгүсүндө тоо тектери менен муздун аралашмасынын тездик менен жылышы байкалууда."Мөңгүнүн жылышынын себеби ал жакта бош породалардын катмары бар экенине байланыштуу", -дейт депутат.

Мөңгүнүн жылуу тездиги суткасына 5 метрди түзүп жатат, азыркы учурда "Кумтөр" компаниясынын гаражынын бир бөлүгү жабыркады, турак жайлар менен административдик имаратка, ошондой эле трансформатор подстанциясы менен жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясына коркунуч жаралып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223528

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.