УКМК: Жогорку Кеңештин имараты коргоого алынуучу стратегиялык объект

  03.05.13   11:09
 330

"Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдазкан Жолдошованын Жогорку Кеңештин имаратынын аймагы коргоого алынуучу объекттилердин катарына кирбейт деген пикирине УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн жооп кайтарышты.

Бамсасөз кызматынын билдирүүсүндө, УКМК бул маселеге байланыштуу буга чейин эле маалымат берип келген.

"Азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин имараты жана анын аймагы мамлекеттин коргоосуна алынуучу объекттилерге кирет. Жогорку Кеңеш жана ага тиркелген жер участогу стратегиялык объект статусуна ээ", - деп УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223529

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.