Жумгалда багар көрөрү жок 144 адам жашайт

  03.05.13   11:20
 342

Нарын облусунун Жумгал районунда жакыр адамдардын саны 16 726 адам бар. Ошол эле учурда 10 108 адамдын жашоо деңгээли жакшы экендиги аныкталды. Бул тууралуу 2013-жылдын 1-кварталын жыйынтыктоо коллегиясында белгилүү болду деп жазат "Жумгал KG" маалымат булагы.

Маалыматка ылайык, район боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн саны 8 147 түтүн, же 32 458 адамды түзөт, жалгыз бой, багар көрөрү жок 144 адам жашаса анын 142си үйүнөн жардам берүүгө муктаж. Кароосуз калган жарандарды 14 социалдык кызматкерлери үйүнө барып жардам берет.

Эскертсек, Жумгал району боюнча 10 739 үй-бүлөө, же 42 566 киши жашайт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223530

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.