Тажик депутаттары Акунга Сабировдун тагдырына тынчсызданып жатканын айтышкан

  03.05.13   11:25
 236

Бир аз мурда акыйкатчы Турсунбек Акун Дүйшөмбүдө "Аялдардын укуктарын коргоо: мыйзамдуулук жана практика" деген эл аралык жыйынга катышты. Акундун айтымында, Тажикстандын саясий жана коомдук ишмерлери менен расмий эмес жолугушуу маалында алардын баары мурдагы социалдык өнүгүү министри Равшан Сабиров тууралуу кеп козгошкон. Бул тууралуу өлкөнүн башкы укук коргоочусунун басмасөз кызматы кабарлайт.

Анын айтымында, тажиктер "Сабиров боордош Кыргызстанда тажик улутунан болуп туруп парламент депутаты, андан соң министрге чейин өскөнүнө сыймыктанышат". "Мындын тышкары Равшан Сабиров 50 миңден ашык адам жашайт деп эсептелип жүргөн тажик диаспорасынын башчысы жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчилеринин бири",- дешет алар.

Тажикстандын парламентинин депутаты Олимжан Сафаров (улуту кыргыз) буга чейин анын кесиптештеринин жамааты КРдин Жогорку Кеңешине соттун акыйкат чечимине өтүнүп кайрылышканын билдирген. Ал дагы бир жолу Акундан Кыргызстандын президентине жана парламентине анын кесиптештери менен Тажикстандын коомчулугу Равшан Сабировдун тагдырына тынчсызданып жатышканын айта барууну суранган.

Эскерте кетсек, 7-мартта Бишкек шаардык соту Сабировду коррупцияга күнөөлүү деп таап жана аны беш жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223531

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.