Бостондогу жардырууга тийиштиги бар делип казакстандык эки студент да кармалды

  03.05.13   11:25
 293
 

Бостондун прокуратурасы 15-апрелдеги жардырууга байланыштуу дагы үч адамга айып койду. Айыпталгандардын экөө Жохар Царнаевдин АКШда коллежде бирге окуган достору казакстандык студенттер Диас Кадырбаев менен Азамат Тажаяков экени айтылды. Ал эми үчүнчүсү АКШнын жараны Робел Филлипос.

Казакстандык студенттер сотко тоскоолдук кылып, күнөөлөнүп жаткан Царнаевдин ноутбук жана бир катар далил буюмдарын жок кылып, же бекитип салып, атайын кутумга барган деп айыпталып жатат. Робел Филлипос тергөөчүлөргө жалган маалымат берген деп күнөөлөнүүдө.

Эгер Кадырбаев менен Тажаяков күнөөлүү деп табылса беш жылга чейин эркинен ажыратылып, 250 миң доллар айып төлөшү мүмкүн. Филлипос болсо ушундай эле айып акча төлөп, бирок сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Казакстандык студенттердин жактоочулары алар күнөлүү эмес экендигин айтып жатышат.

ФБР маалыматында Бостон марафонундагы жардыруудан кийин Кадырбаев жана Тажаяков жардырууга байланыштуу айыпталып жаткан Жохар Царнаевдин жатаканасындагы бир катар далил буюмдарды жок кылып салышкан.

ММКлардан жардырууга күнөөлөнүп жаткан кишилердин сүрөттөрү көрсөтүлө баштаганда Диас Кадырбаев Жохар Царнаевке СМС-билдирүү жөнөтүп, ал сүрөттөрдүн бири Жохарга окшош экенин айткан.

Келтирилген далилдерге карганда бул билдирүүгө Жохар "Менин күлкүмдү келтирбе", "Мага экинчи жазба", "Мен кеткенге камынып жатам. Эгер сага менин бөлмөмдөн бир нерсе керек болсо ала бер" деп жазган.

Диас Кадырбаевдин жактоочусу, ал Жохар Царнаев ФБР тараткан сүрөттөгү адам экенин так билген эмес жана рюкзак далил буюм экенин ойлобогон деп айтып жатат.

Бирок, ФБР Кадырбаев фейерверк ракеталары салынган рюкзакты көргөндө Жохар Царнаев жардырууга тиешелүү экенин түшүнбөй коймок эмес деп айтууда.

Тергөөдө Диас Кадырбаев "фейерверк ракеталары салынган рюкзакты таштандыгы ыргытып жибергенибиз, Царнаевди балээден алыс болсун деген элек" деп айткан.

15-апрелде Бостондо болгон жардыруудан үч адам өлүп, 260тан ашуун киши жаракат алган. Бул жардырууга байланыштуу бир тууган Царнаевдерге издөө салынып, 19-апрель күнү кечинде Жохара Царнаев атышуудан кийин кармалган. Жохардын агасы Тамерлан Царнаев андан бир күн мурун коопсуздук күчтөрү менен атышууда каза тапкан эле.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223532

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.