"Бишкек" ЭЭАнын директору өндүрүш менен салык төлөмдөрүнүн өсүшү жөнүндө айтты

  03.05.13   11:36
 316

2012-жылы Бишкек эркин экономикалык аймагынын ( ЭЭА) субъекттеринде өндүрүлгөн жана сатылган продукция 4 млрд 233 млн 900 сомду, ал эми өсүш 3,83 пайызды түзгөн. Мындай маалыматты "ВБ"га ЭЭАнын башкы директору Орозбек Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда "Бишкек" ЭЭАсы Чүй областынын аймагында жана баш калаада жалпы аянты 346,09 гектарды түзгөн үч өз-өзүнчө аймакты ээлейт.

"2012-жылы бюджетке которулган акча 520 млн 370 миң сомду, өсүш 18,1 пайызды, анын ичинен бажы төлөмдөрү боюнча 8 пайызды түзгөн. Социалдык фондго 89 228 сом которулган",- дейт Нусувалиев.

Ал ошондой эле ЭЭА түзүлгөндөн бери 1 224 субъект катталганын, анын 517си кийин жоюлганын айтты. Азыркы учурда калган 707 субъекттин 329у өз ишмердүүлүктөрүн улантып жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223533

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.