Кытайда уй менен кой этинин ордуна келемиш менен түлкүнүн этин сатышкан

  03.05.13   11:43
 279

Кытайда үч айлык кампаниянын жүрүшүндө 904 киши "жасалма" этти чыгарууга тийиштиги бар деген айып менен кармалды. Бул тууралуу "ИТАР-ТАСС" агентиги маалымдайт.

Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлигинен билдиришкендей, кармалган адамдар уй жана кой эти деп келемиш менен түлкүнүн эттерин сатышкан.

Маалыматка ылайык, 25-январдан бери 382 ушундай учур катталып, сатыктан 20 миң тоннадан ашык жасалма эт алынган. Жасалма этти саткандар тыюу салынган химиялык каражаттарды колдонуу менен алардын сактоо мөөнөтүн узартышкан.

Мисалы, Цзянсу провинциясындагы Уси шаарында кой этин химиялык аралашмаларды кошуу менен түлкүнүн жана келемиштин этинен тамактын түрлөрүн жасашкан. Мындай жол менен бизнес кылгандар 1,62 млн доллар пайда табышканы айтылууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223534

 Комментарийлер:
#1 Vika
2013-05-03 15:53:21 Цитата / 0 / -

Кыргызстандагы Кытай ашканаларын текшеруу керек. Демек, кыргыз жарандары да келемиштин этинен тамак жеп жургон турбайбы?

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.