КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга иш сапары тууралуу талкуулашты

  03.05.13   11:52
 257

Кечээ, 2-майда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрдан Абдылдаев менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) тышкы иштер министринин орун басары Се Ханшэндин жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы кабарлады

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын баардык деңгээли боюнча, айрыкча консулдук жаатта өз ара байланыштын активдешкенин белгилешти. ТИМ башчысы мамлекеттер тарабынан Кыргызстан менен Кытайдын түштүгүндөгү Ош жана Гуанчжоу шаарларына консулдуктардын ачылышы эки элдин ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдай турганын айтты.

Министр өзүнүн маектешин КЭРдин башкы консулдугунун Ош шаарында ачылышы менен куттуктады.

Жолугушууда эки тарап КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу, ошондой эле анын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешине катышуусун талкуулашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223535

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.