Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору аялдары акысыз текшерүүдөн өткөрөт

  03.05.13   11:55
 265

6-майдан 18-майга чейин Бишкекте саат 8:00дөн 18:00гө чейин Саламаттык сактоо департаменти шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда аялдарга акысыз кеңеш берип, текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басмасөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда атайын адистер каалоочуларды (аялдарды) кабыл алышат. Медициналык текшерүүнөн өтүүдө кайрылган бейтаптардын каттоосу жана жашаган жери эске алынбайт. Ошондой эле атайын бригада мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды үйүнө барып текшерет. Акциянын негизги максаты - аялдар арасында көп кездешкен ооруларды аныктоо, дарылоо, профилактика иштерин жүргүзүп, сергек жашоону пропагандалоо болуп саналат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223536

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.