Александр Князев: Менин Кыргызстанга киришиме тыюу салуу - саясий акт

  03.05.13   12:40
 338

"Мени Кыргызстанга киргизбей коюшканы - саясий жагдай. Мен мындан укуктук жана юридикалык негиз көргөн жокмун",- деп билдирди бүгүн, 3-майда, Россиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аймактык программаларынын координатору Александр Князев.

Эскерте кетсек, 1-майда Князевди "Ак-Жол" бажы бекетинен өткөрбөй коюшкан. Анын киргизилишине тыюу салуунун себебин айтышкан эмес, бирок тыюу салууну тастыктаган документти көрсөтүшкөн.

Саясат таануучунун айтымында, Кыргызстандын бийлиги анын президенттин администрациясы менен өкмөттүн өз ара мамилеси тууралуу айткандарын "жактырган эмес көрүнөт".

Бирок Князев эки апта мурдараак Кыргызстандын парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууга чакырылганын айтат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223540

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.