Александр Князев Кыргызстанга киргизбей койгондорду "сотко берем" деп коркутту

  03.05.13   12:43
 342

Бүгүн, 3-майда, онлайн-басма сөз жыйынынын маалында саясат таануучу Александр Князев аны эмне үчүн Кыргызстанга киргизбей койгондорунун так түшүндүрүшөөрү менен дароо сотко берүү ниети бар экенин айтты.

"Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети бул актынын юридикалык негиздерин түшүндүрүүгө тийиш. Сөзсүз эле эл алдында эмес, Кыргызстандагы Россиянын элчилиги жана жеке менин өзүмө себебин айтышсын. Ошондон кийин анан маселе сот-укуктук жагдайга өтөт. Менин кызыкчылыгымды күчтүү жактоочу коргойт - Россиянын буга ресурстары бар",- деп убада берди ал.

Князев расмий кечирим суроону талап кылуу жана моралдык, материалдык зыян үчүн сотко доо арыз менен кайрылуу жагын дагы караштырып жатканын айтат.

Эскерте кетсек, Россиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аймактык программаларынын координатору Александр Князевди 1-майда "Ак-Жол" бажы бекетинен өткөрбөй коюшкан. Анын киргизилишине тыюу салуунун себебин айтышкан эмес, бирок тыюу салууну тастыктаган документти көрсөтүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223541

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.