"Алиби": Карый көрбө, Карганбек

  03.05.13   14:07
 332

Депутат Карганбек Самаков "Бишкекте жүргөндө эмне кылайын" дегенби, Ак-Талаа районунун Жогорку Май айылынын эли менен жолугушуп, айыл ичиндеги көйгөйлөрдөн кабар алып кайтты, деп билдирет "Алиби" гезити.

Депутаттын ал жерге барганы жергиликтүү тургундардын көп көйгөйлөрү чечилип, көңүлдөрү көтөрүлдү. Жетишпей жаткан китепканага депутат 50 миң сом жардам көрсөттү. Андан сырткары, депутат белгилүү мамлекеттик ишмер, 1937-жылкы репрессиянын курмандыгы болгон Нуркул Кулназаровдун эстелигин тургузуу боюнча аыйлдыктардын өтүнүчүн орундатты. Өткөн жылы Нарын районундагы 8-март айылынын 3 көпүрөсүн сел алып кеткен эле, быйыл депутаттын жардамы менен алар калыбына келдирилди. Ошону менен бирге эле ушул айылдын 50 балага ылайыкташкан бала бакчасына балдар жата турган эмеректер, жууркан-төшөгү, оюнчуктары менен жеткирилген. Карганбек Самаковго ыраазычылыгын билдирген тургундар "дегеле карыба" деп жылуу-жумшак узатышты, деп жазат "Алиби".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223543

 Комментарийлер:
#1 U_moskov@mail.ru
2013-07-15 01:17:16 Цитата / 0 / -

Azamatsyn kop jasha brat el uchun tuulgan adam okshoysun oshentipkereke jarap alkyshka tatyp juro ber

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.