Кенчилер бюджетке иштетилбеген лицензиялар үчүн 750 млн сом төлөштү

  03.05.13   13:33
 312

Кен иштетүүгө лицензия алган инвесторлор Кыргызстандын бюджетине 2012-жылга лицензияны иштетпей кармап турушкандыктары үчүн 750 млн сомдон ашык каражат төлөштү. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын башчысы Алмаз Алимбеков бүгүн, 3-майда, өткөн тегерек столдо маалымды.

"2012-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жергиликтүү бюджеттерге лицензия алып бирок иш жүргүзүлбөй турганы үчүн каражат төлөнүп жатат. Эсептөөлөр боюнча биз бир жылдын ичинде 750 млн сом алууга тийиш элек, бирок иш жүзүндө бул цифра мындан да көп. Жыйынтыктоочу эсеп ушул жылдын соңуда чыгарылат", -дейт ал.

Алимбеков лицензия үчүн акы төлөө кен иштеткиси келген инвесторлорду чочулатышы мүмкүн экенин да белгиледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223544

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.