"Элдик фронт" өкмөттүк эмес уюму Князевди жактап чыкты

  03.05.13   13:42
 340

"Элдик фронт" коомдук бирикмеси саясат таануучу Александр Князевдин Кыргызстанга киргизилишине тыюу салууга байланыштуу билдирүү жасады.

"Биз муну адам укугунун түздөн-түз бузулушу катары баалайбыз. Өлкө жетекчилиги бюрократиянын атына жамынып алып, себептерин түшүндүрбөстөн жана эч кандай негиздүү жүйө айтпастан туруп республикага өзүнүн эркин көз караштагы пикири, мамлекеттин жогорку адамдарынын дарегине айткан сыны менен белгилүү болгон серепчинин республикага кайтып келишине тыюу салды", -деп белгилейт "Элдик фронт" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев.

"Биз Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан уюштурулган саясий провокация жакын арада коомдук жана эл аралык коомчулуктун жетиштүү баасын алат деп үмүттөнөбүз", -дейт өз билдирүүсүндө "Элдик фронт".

Эскерте кетсек, Россиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аймактык программаларынын координатору Александр Князевди 1-майда "Ак-Жол" бажы бекетинен өткөрбөй коюшкан. Анын киргизилишине тыюу салуунун себебин айтышкан эмес, бирок тыюу салууну тастыктаган документти көрсөтүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223546

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.