Кыргыз армиясынын 70 пайызы контрактык негизде кызмат өтөгөндөр

  03.05.13   13:45
 291

Кыргызстандын коргоо министрлигинин аскерлеринин 70 пайызы контрактык негизде кызмат өтөгөндөрдөн турат. Мындай маалыматты бүгүн, 3-майда, маалымат жыйынында коргоо министринин орун басары Ильязбек Субанкулов билдирди. Анын айтымында, толугу менен контрактык кызматка өтүүгө министрликтин каражаты жана мүкүнчүлүгү жетишсиз. Ал эми контрактык эмес негизде кызмат өтөгөн солдаттар 30 пайызды түзөт. Алар камсыз кылуу бөлүмдөрүнө кызмат өтөшөт.

"2012-жылы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде альтернативдик кызмат өтөө үчүн 12 миңден 18 миң сомго чейин каржат төлөнөт", - деп кошумачалады Субанкулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223548

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.