Кыргызстандын түндүк областтарында бензиндин баасы арзандады

  03.05.13   14:15
 280

Бишкек шаарында жана Кыргызстандын түндүк областтарында бензинге карата баа арзандады. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда, КРдин Экономика министрлигинин аймактар аралык түндүк башкармалыгы кабарлайт.

25-апрелден 2-майга чейинки базар бааларын талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстандын түндүгүндө бензиндин баасы ылдыйлаган. Чүй, Ысык-Көл, Талас областтарында жана Бишкекте литри 29,5 сомдон, ал эми Нарында литри 30,4 сатылып жаткан А-80 маркасындагы бензиндин баасы 30-70 тыйын төмөндөгөн.

Ал эми литри Чүй областында - 36,3 сом, Ысык-Көл жана Талас областында жана Бишкекте 36,8 сом, Нарын областында 37,4 сомдон сатылып жактан А-92 бензининин баасы 0,4-0,8 сом арзандаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223550

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.