Кенчилерди жерди рекультивациялоо фондуна каражат төгүүгө милдеттендиришет

  03.05.13   14:17
 233

Мамлекет экология жана кен иштетүү тармагы боюнча талаптарды күчөттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын башчысы Алмаз Алимбеков тоо кен тармагындагы маселелерге арналган тегерек столдо маалымдады.

Ал жерди рекультивациялоо фонду түзүлгөнүн түшүндүрүп өттү, бул үчүн банктта атайын эсептер ачылган жана ал жерге кен иштетүүчүлөр квартал сайын төлөнө турган каражаттары салууга тийиш. Бул каражаттар компаниянын ишмердүүлүгү аякталганга чейин топтоло бермекчи.

"Каражат которуулардын көлөмү ар бир долбоорго карап аныкталат. Бул эгерде компания биздин өлкөдө банкротко учураса же болбосо өз ишмердүүлүгүн токтотсо кепилдик болмокчу. Мамлекет бул каражатты жерди рекультивациялоо иштерине жумшоого укугу бар",- деп белгилейт Алимбеков

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223552

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.