Мамлекеттик каттоо кызматы 16 жаштагы жарандарга паспортту өз убагында берет

  03.05.13   14:39
 235

Бул жылы 16 жаштагы 114 миң жаран биринчи жолу паспорт алат. Бул тууралуу "ВБ"га Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев билдирди. Ал акысыз паспортту мектеп окуучулары өз убагында ала тургандыгын убада кылды.

" Бул багытта Мамлекеттик каттоо кызматынын каржатынан 9 млн сом бөлүнөт", - деди чиновник.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын аягында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев пилоттук долбоордун негизинде, 16 жаштагы жарандарга бекер паспорт берүү тууралуу буйрукка кол койгон. Бекер паспорт алгачкы жолу 2013-жылдын 11- январында тапшырылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223553

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.