Чунуев: Жерүй конкурсуна орусиялык жана түрк инвесторлор кызыгууда

  03.05.13   14:52
 278

Бир катар орусиялык жана түрк инвесторлору Жерүй алтын кенин иштетүү лицензиясын алуу үчүн боло турчу конкурска катышуу ниетин ооз эки түрдө билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев "ВБ"га билдирди.

"Бүгүнкү күнү мамлекеттик агенттикке инвесторлордон расмий түрдө кат түшө элек. Бирок, 4-5 компания оозеки түрдө конкурска катышуу ниетин билдирди",- дейт ал.

Чунуев ошондой эле, конкурска арыздарды кабыл алуу май майрамдарына байланыштуу 11-майга чейин узартылганын кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223555

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.