Геология агенттиги мамлекеттик маанидеги объекттердин тизмесин карап чыкты

  03.05.13   15:01
 253

Жалпы мамлекеттик объектилерди колдонуу укугу конкурстук негизде гана берилет. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда, тоо кен тармагындагы маселелерге арналган тегерек столдо Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат ресурстары башкармалыгынын башчысы Улан Рыскулов билдирди.

Ал агенттик тарабынан объектилердин аталган тизмесин жаңылоо боюнча токтом долбоору даярдалганын белгиледи, тизмеге 55 кен киргизилген. Документ азыркы учурда министрликтер менен ведомстволордо макулдашуу, текшерүү процессинен өткөрүлүп жатат.

"Ар бир объект боюнча конкурс өткөрүүгө өкмөт курамында кызыкдар болгон тараптар бар өз-өзүнчө комиссия түзөт. Алар кепилдик төлөмүнүн суммасын жана геологиялык маалыматтын пакетинин баасын аныкташат", -деп кошумчалады Рыскулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223556

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.