Жалал-Абадда АРИС уюмунун долбоору менен бир нече курулуштар бүткөрүлөт

  03.05.13   15:10
 294

Жалал-Абад областынын аймагында 2013-жылдын I кварталында АРИС долбоорунун алкагында социалдык жана инженердик инфраструктураларды реабилитациялоо, куруу багытында долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча тренингдер өткөрүлүп, жергиликтүү жамааттардын салымдарын, каржылоо булактарын тактоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн экономика, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш секторунун башчысы Мирбек Тотонов маалымдады.

Алардын бири Ала-Бука районунун чекара аймагындагы Көк–Таш айыл округунун Булак-Башы айылына 1 даана, Курманбек айыл округунун Калмак-Кырчын айылына 1 даана ФАПты куруу. Ошондой эле облустун аймагындагы жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, калыбына келтирүү болуп саналат.

"Ошондой эле, шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн АРИСтин Шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарында 500 миң долларлык, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында 40 миң долларлык долбоорлор ишке ашырылмакчы. "Ретрофитинг" долбоорунун алкагында (АРИС тарабынан мурда курулган обьектилерди калыбына келтирүү) Ала-Бука, Аксы, Сузак райондорундагы 8 даана көпүрөнү калыбына келтирүү долбоорлору ишке ашырылат", - дейт Тотонов

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223557

 Комментарийлер:
#1 Жолдубай
2016-10-05 20:39:48 Цитата / 0 / -

салам арис долбоору сидерге чон рахмат.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.