Президент ШКУнун башкы катчысын кабыл алды

  03.05.13   15:26
 253

Бүгүн,3-майда, президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды.Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

ШКУ башкы катчысын кабыл алып жатып, мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУ катчылыгына өз милдеттерин ийгиликтүү аткарууга ар тараптан көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

"Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердигине өзгөчө маани берет. Айрыкча мааниси боюнча саясый кызматташуудан кем калбаган экономикалык ишмердигине", - деди президент.

Мамлекет башчысы жаңыдан шайланган башкы катчы уюмдун алкагында экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ШКУ мүчө-мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Дмитрий Мезенцев Алмазбек Атамбаевди ушул жылдын күзүндө өтө турган Бишкек саммитине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады.

"Мүчө-мамлекеттер, байкоочу-өлкөлөр Бишкек саммитинин күн тартибине кызыгып жатышат. Мунун өзү уюмдун ишине башка мамлекеттердин кызыгуусунун далилдеп турат. ШКУ кадыресе торолуп, кадыр-баркы көтөрүлүүдө", - деп баса белгиледи башкы катчы

Дмитрий Мезенцев ошону менен бирге ООНдун башкы катчысы Пан Ги Мун менен үстүбүздөгү жылдын март айындагы жолугушуусу тууралуу маалымдады. Жолугушууда ШКУ ООНдун институттары менен өз ара кызматташуусу, тыгыз диалогду чыңдоо жана эки уюмдун ортосунда консультацияларды үзбөй жүргүзүү тууралуу маселелер талкууланган.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын 7-июнунда Пекинде, ШКУнун саммитинде, 2013-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чейин уюмдун башкы катчылыгына Дмитрий Мезенцев бекитилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223560

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.