Украинанын авиакомпаниясы Бишкекке алгачкы аба каттамын ишке ашырат

  03.05.13   15:28
 290

Ушул жылдын 18-майында Киев шаарынан Бишкек шаарына "Украинанын эл аралык авиалиниялары " (УЭА) кампаниясы алгачкы жолу аба каттамын ишке ашырат. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында кабарланат.

Каттам жай мезгилинде гана иштейт. Ал эми 17-июндан тартып УЭА Киевден Бишкекке ар дүйшөмбү сайын каттаган чартердик рейсин ачат. Бул каттам 16-сентябрда жабылмакчы. Туристтик сезон кызуу жүрүп жаткан маалда УЭА Киев - Бишкек - Киев каттамы боюнча аптасына 4 ирет учууну пландаштырып жатат.

Белгилей кетсек, "Украинанын эл аралык авиалиниялары" компаниясынын авиапаркы Boeing-737 учактарынын турат. Учурда Киев - Бишкек -Киев аба каттамына билеттер сатыкка түшө баштады. Буга чейин Украинадан "Аэросвит" компаниясы Кыргызстанга уча турган каттамдарды ишке ашырып келген, бирок өткөн жылдын соңунда банкротко учурган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223561

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.