Президент кыргызстандыктарды 5-май - Конституциянын күнү менен куттуктады

  03.05.13   15:29
 383

Бүгүн, 3-майында, президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

"Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Мындан жыйырма жыл мурда, 1993-жылдын 5-майында, көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Анын тагдыры ар бир кыргыз жаранынын тагдыры менен ажырагыс байланышта. Токсонунчу жылдардын башталышында мурдагы идеалдар кыйрап, жашоо-турмуш кескин начарлап, элибиз кыйналып турган учурда, Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы элибизде чоң үмүт жараткан. Кабыл алынган Конституция ата-бабалардын кылымдык мурасын, эгемендиктин алгачкы жылдарында топтолгон тажрыйбаны камтып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра түптөөгө, кыргыз жарандарынын эркиндигин камсыз кылууга жол ачкан.

Тилекке каршы, кабыл алынган биринчи Конституциябызды бир нече айдын ичинде бийлик башчылары негизсиз өзгөрттү. Кийинки жылдары бул жаман көрүнүштү бийликтегилер салтка айлантышкан.

Өз бийлигин бекемдөө максатын, жеке кызыкчылыгын көздөп, ошол учурдагы бийликтин аткаминерлери кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизин – өлкөнүн Конституциясын каалашынча өзгөртүп турушту.

Жылдан-жылга өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу терең тамырлап, күч алды. Бул демократия жолунан таюуга, бийликтин коррупцияга баш-оту менен малынышына, криминал менен коюн-колтук алышып кетишине жол ачкан. Сөз эркиндигине бөгөт коюлуп, чындыкты айтканды сабап, майып кылып, өлтүрүп тынышкан.

Ал мезгилде биз көп жоготууларга учурадык. Эң кейиштүүсү - карапайым кыргызстандыктардын үмүтү акталбай калды. 2002, 2005-жылдардын мартында болгон окуялардын, 2010-жылдын апрелиндеги революциянын жана июнь окуяларынын себеби ушунда.

Эми гана - көптөгөн жылдар өткөндөн кийин, биз зор күч-аракет менен кетирилген кемчиликтерди жоюуга аргасызбыз. Коррупция менен күрөшүүгө, мекендештерибиздин татыктуу жашоо-турмушун камсыз кылууга, кагаз жүзүндө эмес, чыныгы эгемендикке жетишүүгө умтулуп жатабыз.

Элибиздин жашоосу бүгүнкү күндө да жеңил эмес. Бирок, максатыбызга жетүү – биздин ыйык милдет. Элибиздин тагдыры, мекенибиздин келечеги – биздин колубузда.

Эртең эле, эч аракет жумшабай, өнүккөн өлкөгө айланабыз дегендерге ишенүүгө болбойт.

Турмушта кашкайган бир чындык бар – гүлдөп-өнүгүүнүн башаты – элдин биримдиги менен өлкөнүн туруктуулугунда.

Биз биргелешип мамлекет курууга жана жаратман эмгекке үйрөнүшүбүз керек! Бүгүн Кыргызстан туруктуулукка муктаж. Бул максатка жетүү үчүн биринчи кезекте Конституциябыз туруктуу болууга тийиш.

Президент катары, өлкөнүн жаңы лидерлери шайланган сайын Конституция өзгөрбөш керек деген ойдомун. Биз Конституциянын негизинде, Мыйзамдын чегинде жашоого үйрөнүшүбүз керек.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Биз бардыгыбыз Кыргызстандын күчтүү жана бакубат болушун каалайбыз. Өлкөбүз менен сыймыктангыбыз келет. Бирок ал үчүн ар бирибиз укуктарыбызды гана пайдаланбастан, өз милдеттерибизди да аткарууга тийишпиз. Ар бир адам өзүнө: "Мен өз мекениме эмне жардам бере алам?"- деген суроо берүү убактысы келди. Ошондо гана биз өз максатыбызга жетип – элибиздин ишенимин актай алабыз. Ошондо гана көз карандысыз, эркин, гүлдөп-өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз.

Кымбаттуу менин мекендештерим!

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, үй-бүлөдөгү бакубаттыкты, ал эми Кыргызстаныбызга тынчтык жана туруктуулукту каалайм!",-деп жазылат куттуктоодо.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223562

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.