Чалдыбарда кулаган учак транзиттик ташуу борборунун учагы экени айтылууда

  03.05.13   16:00
 293

Чүй облусундагы Чалдыбар айылы жакта кулаган учак транзиттик ташуулар борборунун (ТТБ) КС-135 Stratotanker май куюучу учагы. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басмасөз кызматынан "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунан саат 14.30да учуп чыккан учак менен болгон байланыш Кара-Балка аймагынан үзүлгөн.

Өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү Айбек Азыранкуловдун айтымында, бардык кызматтын өкүлдөрү кырсык болгон жерге жөнөп кетишти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223565

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.