Эксперт: Cаясат таануучуну киргизбей койгондун ордуна, айтканын угушса болмок

  03.05.13   16:08
 253

Саясат таануучу Марс Сариев Россиянын илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун аймактык программаларынын координатору Александр Князевди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салууну анын өлкөдөгү, деги эле аймактагы окуялардын тескери өнүгүшү мүмкүн болгон варианттарын айтканына байланыштырат. Бул тууралуу ИА REGNUM маалымат агенттиги саясат таануучу менен маектешкен.

"Бийлик өлкөгө саясат таануучуну киргизбей койгондун ордуна, анын айтканын укса болмок. Акыйкат үчүн белгилеп койчу жагдай, Князевдин саясат таануучу жана талдоочу катары алдына ала айткандары бир эмес бир нече жолу турмуш жүзүнө ашкан",- дейт Марс Сариев. Ал ошондой эле бул окуя эл аралык коомчулукта Кыргызстандын кадыр-баркына көлөкө түшүрүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Александр Князевди 1-майда "Ак-Жол" бажы бекетинен Кыргызстанга өткөрбөй коюшкан. Анын киргизилишине тыюу салуунун себебин айтышкан эмес, бирок тыюу салууну тастыктаган документти көрсөтүшкөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223566

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.