Аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан селитра кармалды

  03.05.13   16:12
 243

Кечээ, 2- май күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Кара-Дөбө участкасынан аткезчилик жол менен жүк ташып өтүүнү көздөгөн үч кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адамдар "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаа менен 3 тонна селитраны аткезчилик жолу менен алып чыгып кетүү аракетин көрүшкөн. Алардын жанында өздүгүн тастыктоочу эч кандай документ дагы болгон эмес. Иш-кагаздар толтурулган соң кармалгандан жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223567

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.