Компаниянын өкүлдөрү УКМКтын тинтүүсү мыйзамдуу экенин мойнун алды

  03.05.13   16:35
 217

"Прайм бизнес консалтинг" компаниясынын директору Алмаз Болотбек уулу "ВБ"га компаниянын кеңсесине тинтүү жүргүзүшкөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барганын мойнуна алды.

Эскерте кетсек, буга чейин компаниянын өкүлдөрү "ВБ"га атайын кызматтын өкүлдөрү офиске жулунуп киришип, документтерди текшеришкенин кабарлаган болчу.

"24-апрелде биз бул инциденттин айланасындагы жагдайларды карап турдук. Бизге белгилүү болгондой, УКМКтын ыкчам тобу маалыматтарды, анын ичинде буга чейин "Прайм бизнес консалтингдин" кардарлары болгон юридикалык тараптардын каржы документтерин алууга аракет кылды. Бул иш үчүн толук кандуу маалымат алууга көмөк болоорун бизге түшүндүрүштү. Биз да өз кезегинде бул иш боюнча тыкыр таанышып чыктык жана УКМКтын кызматкерлери мыйзам алкагында иш алып барган деген пикирге келдик", -дейт Алмаз Болотбек уулу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223573

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.