Учак кыйроого кабылган жерге тез жардамдын 3 бригадасы жөнөп кетти

  03.05.13   16:35
 248

Май куюучу KC-135 Stratotanker учагы кыйроого кабылган жерге тез жардамдым 3 бригадасы жөнөп кетти. Бул тууралуу "ВБ"га Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Элмир Асылбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда тез жардам кызматы окуя катталган жерге жете элек болгондуктан маалымат бере албайт.

Эскерте кетсек, учак Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Чалдыбар районуна кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган учак Транзиттик ташуулар борборунун учагы. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок. Укук коргоо органдарынын айтымында, окуя катталган жерге Жайыл районунун ИИБнын жана ӨКМнын кызматкерлери жөнөп кетишкен. Ал эми милицияга учактын кулап түшүүсү боюнча жергиликтүү тургундар кайрылгандыгын "ВБ"га маалымдашты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223575

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.