Май куюучу учак кулаган жерде жапа чеккендер жок

  03.05.13   16:50
 296

"Панфилов районунун Чалдыбар айылы жакка май куюучу учактын кулашынан жабыркагандар жок". Бул тууралуу бүгүн, 3-майда, район акими Анатолий Иванников "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча учкуч парашют менен секирип кеткен. Аны издөө жүрүүдө. "Бул май куюучу учак. Чыккан өрт күчтүү болгондуктан, учактын бөлүктөрү үч жерге түшкөн. Учурда бул жерде чек арачылар, РИИБдин кызматкерлери, тез жардамдын дарыгерлери, куткаруучулар, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү бар. Учак тоого кулаган. Аймак тосулгандыктан учурда эч ким киргизилген жок ",- деди ал.

Белгилесек, 3-майда Чалдыбар айылы жакка транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май куюучу учагы кулап түшкөн. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери айтыла элек. Өз кезегинде Транзиттик жүк ташуу борборуучактын кыйрашы боюнча бардык материалдарды чогултууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223576

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.