МКК президенттин үй-мүлкү жана кирешеси тууралуу маалымат таратты

  03.05.13   16:53
 296

Декларация жөнүндө мыйзамга ылайык, президент салык төлөөчүлөрдүн алдында 2012-жылдагы өзүнүн мүлкү, ага жана анын туугандарына таандык болгон менчиктери тууралуу отчет берди. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын (МКК) басмасөз кызматы маалымдайт.

Декларацияда көрсөтүлгөндөргө таянсак, президент 2012-жылы эмгек акысына 984 миң 776 сом алган. Мамлекет башчысынын үйүнүн аянты 93,3 чарчы метр, ошондой эле 64 миң чарчы метрде ишенимдүү башкарууга берилген бакча аянты бар.

Атамбаев "НПФ "Форум" жоопкерчилиги чектелген коомунун ээси экенин көрсөткөн, учурда ал дагы ишеним башкаруусунун колуна өткөн.

Президенттин унаасы - кыймылдаткычынын көлөмү 4,664 куб. см болгон, 2007-жылы чыгарылган "Тойота-Лэндкрузер" унаасы.

Мындан тышкары Атамбаев декларацияга өзүнүн жубайы Раиса Атамбаеванын кирешеси жана мүлкү тууралуу көрсөткөн.

Биринчи леди өткөн жылы 367 миң 201 сом иштеп тапкан жана баалуу кагаздардан 120 миң доллар двиденд алган. Анын аянттары 133,3 жана 51,3 чарчы метр болгон эки квартирасы бар, "Медиафорум" ачык акционердик коомунун 86,28 пайыз акциясына ээ.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223577

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.