Көрнөк-жарнактарды кыргызча туура эмес жазгандарга айыппул салынат

  03.05.13   17:02
 274

"Мамлекеттик тил" мыйзамынын 27-беренесине ылайык көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде туура эмес жазгандарга айыппул салынат. Бул тууралуу депутат Урмат Аманбаева "Парламент" радиосуна курган маегинде билдиргенин Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы кабарлады.

Парламентарий айымдын айтымында, катардагы жөнөкөй жарандардын мамлекеттик тилди билбегени үчүн айып пул төлөйт деген негизи жок "кара пиар" айрым маалымат каражаттарында орун алып келе жатат. Бирок, Урмат Аманбаеванын маалымдашынча, катардагы жарандарыбыз кыргыз тилин билбесе эч кандай айып пул төлөөгө милдеттендирилбейт. Болгону бул жерде сөз - мамлекеттик жогорку кызматка келем деген инсандарга тилди билүү талабы коюлат, - дейт депутат.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили тууралуу" мыйзамдын 8-беренесине сунушталган толуктоолордо Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министри, Жогорку Соттун төрагасы, Конституциялык палатанын төрагасы кыргыз тилин билүүгө тийиш деген талаптарга кошумчаланып жаткан жаңылык - эми Өкмөт мүчөлөрү (министрлер, алардын орун басарлары, ведомстволордун жетекчилери менен орун басарлары, статс-катчылар) мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө милдеттендирилүүдө.

"Мамлекеттик тилге муктаждык болгондо гана анын өнүгүшүнө шарт түзүлөт"- дейт депутат.

Эскерте кетсек, буга чейин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили тууралуу" мыйзамына сунушталган толуктоолор менен өзгөртүүлөр бир жылдан ашык убакыттан бери коомчулукта кызуу талкууланып, талаш-тартыштар менен да коштолгон. Анткен менен Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамды көпчүлүк добуш менен үч окууда кабыл алды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223578

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.