АКШ элчилиги Транзиттик жүк ташуу борборунун учагынын кыйрашын ЖМКдан уккан

  03.05.13   17:16
 303

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Транзиттик жүк ташуу борборунун учагынын кыйрашы тууралуу окуяны иликтеп атат. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда элчиликтин пресс-атташеси Сюзанна Вуд билдирди.

Анын айтымында, элчилик учактын кыйраганы тууралуу маалыматты Жалпыга маалымдоо каражаттарынан билген. Элчиликтин кызматкерлери авиакырсыктын себеби тууралуу толук маалыматты билишпейт.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Учактан ичинде алдын ала маалыматтарга ылайык, 5 киши болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223580

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.