Учак кыйроого кабылуу себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү

  03.05.13   17:17
 322

"Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу борборунун KC-135 Stratotanker май куюучу учагынын кыйроого кабылуу себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөргөн шашылыш жыйында маалым болду,- деп билдирет өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн.

Министрлер кабинетинин башчысы учактын кыйроого кабылуу себептерин жана анын кесепеттерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүүнү тапшырды. Комиссиянын төрагасы болуп Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов дайындалды. Комиссия мүчөлөрү жана өзгөчө кырдаалдар министри окуя болгон жерге учуп кетишти.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Учактан ичинде алдын ала маалыматтарга ылайык, 5 киши болгон.

Учактын бортунда болжол менен 5 адамдын болгону айтылууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223581

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.