ЖКнын төрагасы ШКУнун башкы катчысын кабыл алды

  03.05.13   17:45
 263

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-майда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды. Бул туурлауу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы маалымдайт.

Төрага Жээнбеков ШКУнун аброю эл аралык деңгээлде бекемделип жаткандыгына көңүл буруу менен, бул уюм өзүнүн алдына коюлган милдетти натыйжалуу чечип жаткандыгын баса белгиледи. Ушундан улам, ШКУ аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойноп жатат.

ШКУнун башкы катчысы Мезенцев Бишкек шаарында 29-30-апрелде өткөн ШКУнун катышуучу-мамлекеттеринин Коопсуздук кеңеш катчылары менен маңзаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктар берилген органдардын жетекчилеринин жолугушуусу, ошондой эле үстүбүздөгү жылы өтө турган биргелешкен иш-чаралар тууралуу учкай маалымат берди.

Тараптар ШКУ алкагындагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышты. Мезенцев кыргыз тараптын ШКУ аркылуу парламенттер аралык алакаларды арттыруу аракетине көңүл буруу менен, Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди келип түшүүсүнө жараша колдоого алына тургандыгын билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223583

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.