ӨКМ: Учак кыйраган жердеги негизги өрт очогу өчүрүлдү

  03.05.13   17:43
 293

ӨКМдан "ВБ"га билдиришкендей, америкалык учак кыйраган жердеги негизги өрт очогу өчүрүлдү. Куткаруучулар учак учуп баратканда күйгөндүктөн анын бөлүктөрү жерге бир-биринен алыс түшкөндүгүн кошумчалашты.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Учактан ичинде алдын ала маалыматтарга ылайык, 5 киши болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223584

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.