Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр эртең Казакстандын лицензиялык чемпионатына барат

  03.05.13   17:57
 225

Эртең, 4-майда сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасы Казакстандын жайкы чемпионатына барат. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка 14 спортчу катышат. Алардын катарында Лондондогу олимпиадалык оюндардын катышуучулары Дарья Таланова жана Дмитрий Александров да бар. Андан сырткары өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондору Султан Букеев, Александр Слепченко, Станислав Карнаухов, Кирилл Вайс, Максим Пахарев жана башкалар барат.

Петрашов чемпионатта дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн лицензия ойнотула турганын кошумчалады. Аталган дүйнөлүк чемпионат 19-июлдан 4-августка чейин Барселона шаарында өтөт. "Казакстандын чемпионатынын жыйынтыгы менен кимдер дүйнөлүк чемпионатка, кимдер Азия чемпионатына даярдана турганы аныкталат", -деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Казакстандын чемпионаты 5-10-май күндөрү Темиртау шаарында өтөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223585

 Комментарийлер:
#1 Вика.
2013-05-03 18:18:00 Цитата / 0 / -

Кечирип коюнуз, кыргызстандык сузгучтор дегениниз эмне? Сууда сузуучулор десениз болмок экен.

#2 Расул
2013-05-06 09:46:25 Цитата / 0 / -

Рахмат Вика. Сиздин сунушуңузду эске алабыз. Ондоп койдук

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.