Баткен облусунун соттору ант беришти

  03.05.13   18:08
 260

Бүгүн, 3- майда Баткен облусунун жаңы шайланган 8 соту ант берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева жаңы соттук курамды ээлеген кызматы менен куттуктады. Ант берүү аземи аяктаган соң соттор өздөрүнүн биринчи жыйынын өткөрүп, Сооронбай Карабаевди төрагалыкка бекитишти. Анын жарандык иштер боюнча жардамчысы болуп Таштанбек Нарынбаев, ал эми административдик жана экономикалык иштер боюнча жардамчысы Уулча Толубаева дайындалды.

Эскерте кетсек, төрага жана анын орун басарлары 3 жылдык мөөнөт менен дайындалашты.

Тандалып алынган соттордун тизмеси:

- Аданбаев Зарипбек Максутович;

- Айжигитов Бостонбай Абдрашитович;

- Алибаев Бактыяр Маликович;

- Жороев Султангазы Золотунович;

- Карабаев Сооронбай Уркунбаевич;

- Тyмонов Алтынбек Жаныбаевич;

- Толубаева Уулча Мейманалиевна;

- Нарынбаев Таштанбек Пахирович.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223586

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.