Саламаттык сактоо министрлиги: Учак кыйраган жерден азырынча сөөк табыла элек

  03.05.13   18:09
 317

Учурда учак кыйраган жерден эч кандай сөөк табыла элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басмасөз кызматы министриликтин Чүй облусу боюнча координатору Эльмира Сатымкуловага шилтеме берүү менен билдирди.

Азырынча үч медициналык бригада учак кыйраган жерде. Дарыгерлердин айтуусунда учурда тирүү калгандар тууралуу да эч кандай маалымат түшө элек.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймагындагы Чалдыбар айылы жакка учак кулап түшкөн. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге Жайыл РИИБдин жана ӨКМнын кызматкерлери келишкен. Транспорт министрлигинен билдиргендей аталган аймакка Транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы кулап түшкөн. ӨКМдан билдиргендей, учак жерге кулаганда үч бөлүккө бөлүнүп кеткен.

Учактан ичинде алдын ала маалыматтарга ылайык, 5 киши болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223587

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.