Борис Воробьевго жана анын кесиптештерине 3 берене боюнча кылмыш иши козголду

  06.05.13   08:02
 229

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын мурунку директору Борис Воробьев башында турган театрдын бир катар кызматкерлерине, акча каражатын легалдаштырган, документтерди, мөөрдү мыйзамсыз пайдаланып, уурдап жана жок кылган деген айып тагылууда. Бул тууралуу ИИМдин басмасөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы аракет кылуу боюнча башкармалыктын кызматкерлери, Бишкек шаардык прокуратурасы менен биргеликте театрга текшерүү жүргүзүшкөн. Иш чара театрдын жамаатына тиешелүү арыздын негизинде болгон. Анда жамаат Воробьевго карата чара көрүлүшүн өтүнүшкөн болчу.

Жамааттын мындай кадамга барышынын себеби, эмгек мыйзамынын бузулушу, театрга бөлүнгөн бюджеттик каражаттын мыйзамсыз пайдаланылышы, имараттын мүлкү бүт документи менен бирге мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү болуп саналат.

Тиешелүү органдар тарабынан иликтөө жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223588

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.