Америкалык учак кырсыкка кабылаардан мурун Ооганстанга учуп бараткан

  06.05.13   08:05
 278

Чалдыбар айылына жакын жерде кырсыкка кабылган учак, окуя болоордон мурун Ооганстанга учуп бара жаткан. Бул тууралуу "ВБ"га коргоо министрлигинин аскер секторунун жетекчиси, полковник Абдилакин Атаев билдирди.

Анын айтымында, транзиттик жүк ташуу борборунун KC-135 Stratotanker май ташуучу учагы, бишкек убактысы боюнча саат 14.37де "Манастан" учуп Ооганстанга сапар алган. Бишкектен 80 чакырым алыстыктан кийин радардан жоголуп кеткен. Учактын экипажы байланышка чыккан эмес.

Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз бойдон калууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223589

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.