Авиакырсык боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамына 7 министр кирди

  06.05.13   08:06
 226

Өкмөт кырсыкка учураган аскер учагын иликтөө боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Комиссиянын төрагасы болуп КР транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов дайындалды. Анын орун басары болуп жарандык авиация агенттигинин коопсуздук башкармалыгынын башчысы Сталбек Шаршеев шайланды.

Ошондой эле комиссиянын курамына тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, жарандык авиация агенттигинин коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Төлөнбек Арпачиев, ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов, УКМК төрагасы Бейшенбай Жунусов, КР ЖКнын транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы Жусубали Исаев, чек ара кызматынын төрагасы Токтокучук Мамытов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, КР саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана адилет министри Алмамбет Шыкмаматов киришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223590

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.