Таласта аялдарга болгон зордук-зомбулук күч алууда

  06.05.13   08:12
 928

Элдик кабарды жөнөткөн Жеңишгүл Тоголокова

"Аялдарга болгон зордук – зомбулук күч алууда", -дейт акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Арзыкан Момунтаева.

"Жалпысынан биздин уюмга 320 жаран арыз менен кайрылса, анын көпчүлүгү аялдар. Күйөөлөрүнөн зордук-зомбулук көргөндөр. Аялдарын ала качып алышып кордук көрсөтүп, ал эле эмес бала төрөгөндөн кийин кетирип жатышат. Алимент төлөбөгөн эркектер андан көп. Ошондой эле зордуктаган кыздар дагы жок эмес. Эмнегедир 9-класста окуп жаткан кыздардын көбү ушундай кырсыкка кабылышат. Ушул курактагы кызды 3 күн бою балдар зордуктап, аягында боюнда болгон. Кийин төрөдү бирок иш дагы эле аягына чыга элек. Кыздын ата-энеси карапайым болгондуктан ар кандай мамилеге дуушар болушкан. Мыйзам менен ажыраша элегинде эле башка аялга үйлөнө коюп, бала талашкан учурлар абдан көп. Биздин уюмга бир жылдан ашык кеңсе буюмдары менен каржыланбаганына карабастан иш алып баруудабыз. Буга чейин атайын жол кире бөлүнүп берилсе аны дагы кыскартып койгон. Жакында "USAID" каржылоосу менен кызматкерлерим менен адам укуктары боюнча 20 күндүк окутуудан өттүк. Иш токтоп калбаш үчүн долбоорлорду жазып бейөкмөт уюмдары менен бирге иш алып баруудабыз",- деп сөзүн жыйынтыктады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223592

 Комментарийлер:
#1 Жони
2013-05-11 19:47:24 Цитата / 0 / -

мындай корунушту мамлекеттик денгеелде карап чыгыш керек болбосо улана бериши мумкун, катуу чара коруш керек деп ойлойм, жашы жете элек кыздарга зомбулук кылгандарга

#2 Айка
2013-05-16 15:26:27 Цитата / 0 / -

Жигиттер менен жаш уландарга өзүнчө окутуу курсун, кыз-келиндерге өзүнчө окутуу курсун өтүп тарбиялоо, моралдык укук жана мыйзам, өзүн алып жүрүү, коопсуз мамиле түзүу жагынан жакшы агитация, пропоганда жүргүзүу керек! Ошол эркектерди деле аялдар-энелер, аталар тарбиялап бакты да?! Ошол ата-энелерин кошо чакырып тарбиялаш керек!.. Аң-сезими төмөн, айбандарга коомдо орун жок болуш керек! Таластыктар эмне малдан төмөн болуп баратышабы?! Жырткычка айланып!.. Биринчи кезекте адам болуш керек, антпесе андайларга коомдо орун болбош керек! Кай жерде, кандай коомдо болбосун - адамгерчилик биринчи орунда! Ушуну унутпоо зарыл, төрт аяктап кетпегенден кийин!..

#3 Жийде
2013-05-27 15:55:35 Цитата / 0 / -

Менимче буга коплекстуу киришуу керек.Ата-эне жана коом дагы кайдыгер карабаса иш башкача болмок.

#4 simar
2013-05-29 19:31:56 Цитата / 0 / -

туура айтасын

#5 nurikkg1
2013-05-29 22:04:19 Цитата / 0 / -

КАЧАН ОНОЛОБУЗ УШУЛ УЯТ ОШОЛ БАЛДАРДЫН АТА ЭНЕСИН СОТТОШ КЕРЕК

#6 кони
2013-05-30 10:20:47 Цитата / 0 / -

шумдуктар кобойду жапайы адамдардан айырмасы жок

#7 adila
2013-06-14 13:27:40 Цитата / 0 / -

kırgızdar kaçan onolot

#8 U_moskov@mail.ru
2013-07-14 19:31:25 Цитата / 0 / -

Mm kim kimdi ele zorduktap jatyptyr anda milisyalar emne kylyp oturat.misaly men bilem talasta dele akylga dyikan sozgo chechen gramatnyi jashtar toltura bul ejekebiz ozun jakshy ishtep jatam dep aytkysy kelgen korunot go chamasy

#9 аяна
2015-01-29 14:56:18 Цитата / 0 / -

кыргыз дегі качан ойгонот дегі онолгулачы

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.