Кадамжайда Апсамат Масалиев эскерилди

  06.05.13   08:15
 527

Элдик кабарды жөнөткөн Азамат Абсаттаров

Кадамжай шаарында Кыргыз Эл баатыры, маркум Апсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Ага КРдин вице премьер-министри Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин бир топ депуттары, коомдук ишмерлер жана Апсамат Масалиевдин туугандары катышышты.

Алгач Апсамат Масалиевдин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Кадамжай райондук администрациясында салтанаттуу жыйын болуп, сөз сүйлөгөндөр Масалиевдин инсандык бийик сапатын белгилеп өтүштү.

Вице премьер-министр Сарпашевдин айтымында, Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Кадамжай шаарындагы №17 орто мектепке Апсамат Масалиевдин ысымы ыйгарылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223593

 Комментарийлер:
#1 Талант
2013-05-17 04:14:11 Цитата / 0 / -

Эн туура жана так иштеген, кыргызды тундук туштуко болунтурбой уурдап жебей калкка кызмат кылган киши эле аттин.

#2 Садан
2013-06-19 05:09:53 Цитата / 0 / -

Колдо бар алтындын баркы жок деген ушу да.Барында эч ким баркын билбеди.Масалиевден кийинки очеред менен качкандар,азыркылар озунун кызыкчылыгы учун жашаган адамдар.Алардын аттары тарыхта "алтын"менен жазылса керек,бирок эстелигин ким тургузат,ким гул коёт?Масалиев молодец!Кыргызстанда ушундай президент болгондо,Америкага сатылбай,озубуздон чыккан кен-байлыктар менен жашамакпыз.Аттин ай,арман дуйно...Казакстанда,Озбекстанда жок байлыктар,бизде бар!Уй булону башкарган ата эмеспи?Атасынын тарбиясы кучтуу болсо,уй-булоо тартиптуу болот,ачылбайтта-чачылбайт.Кыргызстан ушул кетиште кетсе,жакында эмне болот?Кундо жеген сук,айда жеген ток,бекеринен айтылбаса керек?Чымчык уяда эмнени корсо ,учканда ошону алат,-деген соз да жалган эместир?Биздин келечектеги мамлекет башчыларыбызга,Аллахым коп-коп ынсап,ыйман берсин,Оомийн!!!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.