ӨКМ кара жашигинин табылгандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү

  06.05.13   09:06
 281

"Российская газетанын" "америкалык майкуючу учактын кырсыкка кабылган жеринен кара жашик табылды" деп жазып чыккан маалыматын, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жокко чыгарды. Бул тууралуу "ВБ"га министрликтин басмасөз кызматынан билдиришти.

Алардын берген маалыматына ылайык, учак авария болгон жерде иш алып барган куткаруучулар эч кандай учактын бортук жазып алуучу аппаратын табышкан эмес. Ал эми россиялык ЖМКнын маалыматы чындыкка дал келбейт. "Кырсык болгон жерде эки маркумдун денесинин бөлүктөрү табылган, калган муундары дагы деле изделип жатат", - деп ведомстводон кабарлашты.

Кара ящикти жана учкучтардын денелерин издөө иштери токтотула электигин ӨКМ кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223598

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.