4 айда бюджетке 11 млрд сомдон ашык салык түштү

  06.05.13   10:05
 212

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында бажы төлөмдөрү 118%га, ал эми салык төлөмдөрү 111,2%га көбөйгөн. Мындай билдирүү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда бюджеттин аткарылышы тууралуу маселеге арналган жыйында айтылды.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, 4 айдын жыйынтыгы боюнча салык төлөмдөрү туруктуу өсүүдө. Учурда 11 млрд 720 млн сом чогулду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 185 млн сом көп чогултулган, башкача айтканда 118%га көп.

Январдан апрель айына чейин бажы төлөмдөрүнөн 9 млрд 867 млн сом же өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 501 млн сом көп чогулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223599

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.