Пентагон Кыргызстанда кулаган учактын экипаждарынын аттарын атады

  06.05.13   10:08
 316

АКШнын коргоо министрлиги Кыргызстандын Чалдыбар аймагында болгон авиакырсыкта каза болгон аскерлердин аттарын атады.

"Алар 3-майда КС-135 учагынын кыйрашынан улам каза болгон. Аскерлер абада май куюучу 92-эскадрильяда кызмат кылышкан. Учактын кыйроо себептери такталууда",- деп айтылат Пентагон тараткан билдирүүсүндө.

Каза болгондордун аттары:

- Капитан Марк Т. Восс, 27 жашта, Колорадо штатында туулган.

- Капитан Виктория А. Пикни, 27 жашта, Калифорния штатында туулган.

- Техник-сержант Герман Маки III, 30 жашта, Калифорния штатында туулган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223600

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.