Россия кыргыз жарандары үчүн визаларга каршы чыкты

  06.05.13   10:19
 376

"Мен Кыргызстан жана башка Борбор Азиянын жарандары үчүн визалык тартип киргизүү керектигин таңуулаган эмесмин, таңуулабайм дагы. Бул алар менен кызматташуунун бекемдөө принциптерине карама-каршы келет. Биздин кызмат бул багытты колдойт. Бирок, биз мамлекеттик чек аралардан өтүү үчүн жалпы жарандык паспорттун киргизүүсүн талап кылып жатабыз", - деп Россиянын наркотрафикти көзөмөлдөө федералдык кызматынын директору Виктор Иванов билдирди.

Ал бул кадамын чет элдик жарандардын өлкө ичине кирип-чыгышын тыкыр көзөмөлдөө жана Афганистандан Орто Азия аркылуу өткөн наркотрафик менен алгылыктуу күрөшүү максатында жасап жаткандыгы менен түшүндүрдү.

"Жалпы жарандык паспорттордун бетине гана өкмөт өкүлү өзүнө тиешелүү мөөрүн басат. Штамп аркылуу жарандын качан, кайсы жерден, жана кантип чек арадан өткөнүдүгү катталат. Мындай маалыматы жок кылмыш иштерин иликтөө жана аны сотто далилдөө кыйынга турат. Себеби ички паспорттор аркылуу өтүп жатканда бул фактыларды тастыктоо мүмүкүн эмес", - деди Виктор Иванов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223601

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.